Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Киевге барды


Владимир Зеленский жана Жастин Трюдо. 10-июнь, 2023-жыл. Киев.
Владимир Зеленский жана Жастин Трюдо. 10-июнь, 2023-жыл. Киев.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо алдын ала жарыяланбаган сапар менен ишембиде Киевге барды. Аны өлкөнүн каржы министри Христя Фриланд коштоп жүрдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Трюдо сапарын Украинаны коргоочулардын элесине арналган мемориал турган Михайлов аянтына барып, гүл чамбар коюу менен баштады.

Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, Киевди колдоо, Украинаны калыбына келтирүү маселелерин талкуулады. Зеленский "Украинада коргонуу жана контрчабуул аракеттери болуп жатканын, ал азыр кайсы деңгээлде экенин толук айпай турганын" Трюдо менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында айтты.

Зеленский контрчабуул аракеттери кайсы аймактарда жүрүп жатканын тактаган жок. Акыркы күндөрү орусиялык маалымат булактары, ошондой эле Батыштын маалымат каражаттары Запорожье облусунда катуу кармаш жүрүп жатканын жазып жатышат. Москва муну украиналык контрчабуул деп атап, ал ишке ашпай турганын жарыялады. Бул темада орус коргоо министри Сергей Шойгу эки жолу, жума күнү президент Владимир Путин бир жолу комментарий берди. Адатта ал согуштук аракеттердин жүрүшүнө комментарий бербейт.

Бул Трюдонун Орусия Украинага басып киргенден берки экинчи сапары. Канаданын премьер-министри Киевге өткөн жылы май айында барган. Өткөн айда Трюдо менен Зеленский Хиросимада "Чоң жетинин" саммитинин алкагында жолугушкан.

Украин диаспораларынын эң көбү Канадада. Согуш башталгандан бери Оттава Киевге курал-жарак жана каржылык, гуманитардык жактан жардам берип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG