Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Орусиялык активист Лев Скорякин Бишкекте кармалды


Орусиянын бийлиги издөө салган "Солчул блок" кыймылынын активисти Лев Скорякин Бишкекте кармалды. Бул тууралуу "Настоящее время" коомдук кыймылдын Телеграм-каналына шилтеме кылып билдирди.

Кыргызстандын тийиштүү органдары орусиялык активисттин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Скорякин жана кыймылдын дагы бир активисти Руслан Абасовго карата орус бийлиги 2021-жылдын декабрь айында бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Абасов мындан сырткары вандализмге айыпталууда.

Аларга кылмыш ишин козгоого коопсуздук кызматкерлеринин күнүндө Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын жанында өткөн митинг себеп болгон. Активисттер ФСБнын Москванын Түштүк-Батыш округу боюнча бөлүмүнүн жанында от жагып, "Чекисттердин күнү менен!" деген баннерди илип коюшкан. Андан соң Скорякин менен Абасов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жети айдан кийин алар абактан чыгарылган. "ОВД-Инфо" басылмасы ушул жылдын 10-январында Абасовго издөө жарыяланып, Скорякиндин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн жазган. 27-январда Скорякин Орусиядан чыгып кеткен, февраль айында ал сыртынан соттолуп, апрелде издөө жарыяланган.

Жакында Орусиянын Екатеринбург шаарынын чет жакасындагы аскер комиссариатынын имаратына өрт коюуга тиешеси бар делген активист Алексей Рожков Кыргызстандан депортацияланып, Орусияга жеткирилген. "Тилектештик аймагы" долбоорунун укук коргоочулары Свердлов облусунун Березовск шаардык соту активистке карата кылмыш ишин кароону жандантканын билдиришкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG