Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту


Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан.

5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы "ал достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн", "жумушчу топтор эми Кыргызстанда чогуларын" билдирди. Жолугушуунун соңунда тиешелүү протоколго кол коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин, бирок иш жай жүрүп жатканын белгилеген.

"Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, "бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели" деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, - деген Жапаров.

Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандын президентинин соңку билдирүүсүнө расмий Дүйшөмбү комментарий берген эмес. Буга чейин тажик бийлигинин өкүлдөрү чек араны 1924-1927-жылдагы карта менен чечүү керек деген позициясын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG