Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:55

Сөз эркиндиги жана адам укуктары чектелет деген мыйзам долбоорлору талкууланууда


Сөз эркиндигин колдоо митингинен бир көрүнүш. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.
Сөз эркиндигин колдоо митингинен бир көрүнүш. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.

"Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" деп аталган жыйынга жарандык коом, эл аралык уюмдар, журналисттер жана парламент депутаттары катышууда. Анда өлкөдөгү сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар, адам укуктарына байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Президенттик администрация демилгелеген "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлоруна активисттер жана жарандык коом тынчсыздануу билдирген.

Сөз болгон мыйзамдар маалымат каражаттарын каттоодон баш тартууга жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына, көз карандысыз маалымат каражаттарын, коомдук уюмдарды каржылоону чектеп, алардын кескин кыскарышына алып келиши ыктымал деген кооптонуулар айтылып жатат.

Быйыл январда "Чек арасыз кабарчылар" (CPJ) жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысым күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

Аталган уюм 27-апрелде "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине да тынчсыздануусун билдирген.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун майда жарыяланган басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG