Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Кривой Рог шаарында орус ракетасынан үч киши мерт болду


Орус армиясынын ракеталык соккусуна дуушар болгон беш кабаттуу үй. 13-июнь, 2023-жыл.
Орус армиясынын ракеталык соккусуна дуушар болгон беш кабаттуу үй. 13-июнь, 2023-жыл.

Украинанын Днепропетровск облусундагы Кривой Рог шаарындагы көп кабат үйгө тийген орус ракетасы кеминде үч кишинин өмүрүн алды. Ондогон адам жабыркаганын жергиликтүү бийлик 13-июнда билдирди.

«Үч киши мерт болду, 25 адам жаракат алды, алардын 19у ооруканада»-деп жазды облус губернатору Сергей Лысак Телеграмга.

Ал ошондой эле беш кабаттуу имарат күйүп жатканын, урандылардын алдында да адамдар болушу ыктымалдыгын кошумчалады. Украин президенти Владимир Зеленский чабуулду кескин айыптап, «террорчуларга эч качан кечирим жок» - деп Телеграмга жазды. Ал жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, ар бир ракета үчүн "террорчулар жооп берерин" баса белгиледи.

13-июнга караган түнү Украинанын дээрлик баардык аймактарында абадан эскертүү жаңырды. Киев дагы аткылоого дуушар болгонун, ракетанын баары асмандан атып түшүрүлгөнү расмий кабарланды. Орусия соңку чабуул тууралуу билдирүү жасай элек.

Буга чейин украин армиясы өлкө чыгышында алдыга жылып баратканы маалым болгон. 11-июнда Киев билдиргендей, Донецк облусундагы Макаровка, Нескучное жана Благодатное айылдары орус күчтөрүнөн бошотулду.

Маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG