Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Райондук сот активист Эмил Бекиевди алты жылга кести


Эмил Бекиев.
Эмил Бекиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга жалпы түзөтүү колониясына кести. Мындай чечим 2-июнда сот отурумунда чыкканы Сот актыларынын сайтына жарыяланды.

Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.

Актыда жазылгандай, соттук отурумда Бекиев өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган эмес. Ал интернетке жарыялаган видеолорунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан.

Активист Эмил Бекиев былтыр 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.

УКМК Москванын Преображенский соту Бекиевди “Орусиянын мыйзамдарын көп жолу бузганы жана Орусияга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөнү үчүн” деп Кыргызстанга депортациялаганын маалымдаган.

2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG