Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Күрөш (U-17): Өмүрбек Асан уулу Азия чемпионатынын финалында күрөшөт


Өмүрбек Асан уулу күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын жарым финалында. 13-июнь, 2023-ж. Бишкек.
Өмүрбек Асан уулу күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын жарым финалында. 13-июнь, 2023-ж. Бишкек.

"Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу финалда күрөшөт. Ал бүгүн, 13-июнда эркин күрөштөн 60 килограммга чейинки салмакта финалда ирандык Сажад Голамхассан Пирдайех менен беттешет. Алтын байге үчүн таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Өмүрбек Асан уулу буга чейин чейрек финалда түркмөн балбаны Үмүт Какалиевди 13:4, жарым финалда индиялык Тушар Тушарды 8:2 эсебинде утту.

Ушул эле күнү кыргызстандык балбандар Данил Абдыкадыров (48 кг) жана Мураджан Полатов (92 кг) коло байге үчүн күрөшөт. Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн 65 килограмм салмакта Рустамжан Кахаров күмүш медал тагынган.

10-июнда башталган күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн аяктайт. Буга чейин грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар төрт алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушкан.

Грек-рим күрөшүнөн Марлен Абдысаматов (45 кг), Сабит Шамшединов (60 кг), Мирсаид Юнусов (65 кг), Ырыскелди Хамзаев (71 кг) Азия чемпиону болушса, күмүш байгеге Ырысбек Хамдамов (51 кг), коло байгелерге Мирлан Мамыров (80 кг) менен Таласбек Бообеков (100 кг) ээ болуп, командалык эсепте 2-орунду ээлеген.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Акылай Чыныбаева (57) күмүш, Азиза Шумкарова (53 кг) менен Элина Бакытова (69 ) коло байгеге ээ болду.

Күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынан кийин бир күн тыныгуу болуп, 15-июндан 18-июнга чейин 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты болот. Мелдештерге катышуу үчүн 20дан ашык мамлекеттен спортчулар келишкен. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG