Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Навальныйдын Башкыртстандагы штабынын мурдагы жетекчиси 7,5 жылга кесилди


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Башкырстандагы штабынын жетекчиси Лилия Чанышева сотто. Уфа шаары. 14-июнь, 2023-жыл.
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Башкырстандагы штабынын жетекчиси Лилия Чанышева сотто. Уфа шаары. 14-июнь, 2023-жыл.

Орусияда камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын командасынын аймактагы мурдагы жетекчиси Лилия Чанышева экстремизмге айыпталып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Прокурор аны 12 жылга абакка кесүүнү суранган.

Орусияга караштуу Башкыртстан республикасынын баш калаасы Уфа шаарынын Киров райондук соту 14-июнда Лилия Чанышеваны "экстремисттик коом түзгөн, экстремисттик ишмердүүлүккө ачык үгүттөгөн, адам укуктарын бузган уюмду пропагандалаган" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.

Чанышева менен кошо айыпталып жаткан Рустэм Мулюков экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө аралашкан деген кине менен эки жарым жылга эркинен ажыратылды.

Өкүм чыккандан кийин 41 жаштагы Чанышева бардык тарапташтарына ыраазычылык билдирип, мекендештерин авторитардык лидерлерге каршы күрөштү улантууга чакырды.

«Бардыгы бизден көз каранды» деп айткан ал буга чейин күнөөсүз экенин, ага каршы козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин билдирген. Чанышеванын адвокаты Сергей Макаренко «Свобода» радиосуна өкүм «мыйзамсыз, негизсиз жана саясий» экенин белгиледи.

Чанышева 2021-жылдын ноябрь айында кармалган. Ал Навальныйдын аймактык штабдарын жетектеп келген.

Навальный өзү учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот жараянына даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Тарапташтары оппозиционер Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремл муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG