Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Херсондогу суу ташкыны кеминде 28 өмүрдү кыйды


Каховдогу апааатан кийин адамдарды куткарып жаткан украиналык адистер.
Каховдогу апааатан кийин адамдарды куткарып жаткан украиналык адистер.

Украинанын Херсон облусунда, Днепрдин Киев көзөмөлдөгөн оң жээгинде бери дегенде 10 киши суу ташкында каза болду. Дагы 40 киши дайынсыз болууда, арасында жети бала бар. Бул тууралуу облустук аскер администрациясы "Свобода" радиосуна билдирди. Аймактын Украинанын көзөмөлүндөгү аймагында үч миңден ашуун үйдү суу каптаган.

Ал эми орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Днепрдин сол жээгинде 18 кишинин өлгөнү аныкталганын облустун башчысы Владимир Сальдо Телеграмга жазды.

Аймактан жалпысынан жети жарым миңдей киши эвакуацияланып, жүзгө жакыны ооруканага жаткырылган.

Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги апааттан улам жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн деп кооптонууда. Аймакта балык уулоого тыюу салынды.

Дарыгерлер шаар тургундарына Днепрдин суусуна түшпөөнү, тамак-ашка колдонбоону эскертишти.

Украинанын аймагында Орусиянын согушу уланып жаткан кезде, 6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган.

Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG