Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Кыргызстанда инсулин өндүрүлө турган завод курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда инсулин өндүрүлүп чыга турган завод курулат. Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлганын бүгүн 15-июнда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү.

Фармацевтикалык заводдо Кыргызстандын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирген жана Кыргызстанда өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарылат. Анын курулушу 2024-2028-жылдарга мерчемделүүдө.

Кыргызстанда дары-дармек негизинен сырттан ташылып келгендиктен көбүнүн баасы жогору.

Инсулиндин жетишсиздиги улам көйгөйгө айланып турат.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин тартыш болуп жатканы былтыр Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен адам 60 миңдей адам расмий каттоодо турат. Чынында алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG