Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

Украинадагы согушту айыптаган “Би-2” тобунун Бишкектеги концерти болбой калды


"Би-2" тобу концерттердин биринде. 2021-жыл
"Би-2" тобу концерттердин биринде. 2021-жыл

Украинадагы согушту айыптаган “Би-2” эстрада тобунун Бишкекте 18-июнга белгиленген концерти болбой калды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруу менен алектенген Vi project kg компаниясы Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Компания концерт белгисиз себептерден улам болбой калганын жазып, сатылган билеттердин акчасы элге кайтарыларын билдирди. Ошондой эле мындан ары Vi project kz менен кызматташпай турганын кабарлады.

“Би-2” эстрада тобунун концерти 18-июнда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтмөк. Билеттер 5500 сомдон 12 000 сомго чейин сатылып жаткан.

Беларус жана орусиялык артисттерден куралган “Би-2” рок-эстрада тобу 2022-жылы августта Орусияда “тыңчы” тобуна киргизилген. Топтун мүчөлөрү Орусиянын Украинага каршы согушун ачык сындап чыккан.

Өткөн аптада орусиялык “Порнофильмдер” тобунун Бишкектеги концерти үзгүлтүккө учураган. Владимир Путинге жана Украинадагы согушка каршы экенин билдирип келген музыканттардан турган топтун концерти 10-июнда Бишкектеги клубдардын биринде өтүшү керек болчу.

“Порнофильмдер” концерт өтө турган жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барып, “музыканттарды коркутушканы” кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG