Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

Баткенди өнүктүрүү долбооруна быйыл 400 миллион сом бөлүндү


Баткен.
Баткен.

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча “жол картасына” ылайык быйыл аймакка каралган 500 миллион сомдун 400 миллион сому которулду. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында айтты.

Маалыматка караганда, 400 миллион сомдун 21 миллион сомго жакыны гана колдонулду. Депутаттар Финансы министрлиги каражатты кеч которуп, жергиликтүү бийлик аны толук колдоно албай калып жатканын сынга алышты.

2021-жылдын 10-сентябрында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде облусту өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.

Депутаттар тобу “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, аймакты колдоо үчүн каржыны 1,5 миллиард сомго чейин көбөйтүү сунушун берип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG