Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Кыргызстандык алты балбан финалда күрөшөт


Раззак Бейшекеев. 15-июнь, 2023-ж. Бишкек.
Раззак Бейшекеев. 15-июнь, 2023-ж. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык алты балбан финалда күрөшөт. Бүгүн, 15-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн жети салмакта таймаштар өтүп жатат. Түшкө чейин болгон таймаштардын жыйынтыгында Нурмухаммет Абдуллаев, Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков, Ырыскелди Максатбек уулу, Асан Жанышов жана Нурмамбет Раймалы уулу алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

60 килограмм салмакта Нурмухаммет Абдуллаев сауд арабиялык жана индиялык атаандаштарын утуп, финалга чыкты. Алтын байге үчүн казакстандык Азамат Курман менен күрөшөт.

67 килограмм салмакта финалда Раззак Бейшекеев казакстандык Сырым Сарсен менен беттешет. Бул салмакта таймаштар айлампа тартибинде өттү.
Бейшекеев алгач индиялык Винаяк Сиддхешварды 10:7, кийин түркмөнстандык Бегмурат Нобатовду 10:1 эсебинде утту. Жарым финалда тажикстандык Фируз Мирзораджабовду (4:1) жеңди.

72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков төрт атаандашын утуп, финалга чыкты. Айлампа тартибинде өткөн беттештерде алгач ирактык Али Мохаммед Кадхим Ал Аббуудахты 7:1, кийин сауд арабиялык Хассан Салех А Барнавини 8:0, 3-раундда түркмөнстандык Хеким Гурбанмурадовду 9:1, жарым финалда өзбекстандык Жамол Жумабаевди жеңди (3:1). Алдыда финалда казакстандык Елдос Камелов менен күрөшөт.

77 килограмм салмакта Ырыскелди Максатбек уулу алтын байге үчүн өзбекстандык Дилшод Омонгелдиев менен беттешет. Максатбек уулу өзбекстандык балбан менен буга чейин айлампа тартибинде өткөн таймаштардын 1-раундунда күрөшүп, 9:4 эсебинде жеңип, кийин вьетнамдык Чи Хие Нгуенди 9:4, жарым финалда казакстандык Омар Сатаевди 8:1 эсебинде утуп алган.

82 килограмм салмакта Асан Жанышов айлампа тартибиндеги таймаштардын 5-раундунда өзбекстандык Аброрбек Мамыров менен күрөшөт. Жанышов буга чейин казакстандык Ислам Евлоевди (5:4), индиялык Рохит Дахияны 4:0, түркмөнстандык Ихлас Абдуразаковду 8:0 эсеби менен уткан. Ал эми акыркы беттеште жеңишке жетсе алтын, утулса күмүш байге алат.

97 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу айлампа тартибинде өтүп жаткан таймаштардын 3-раундунда алтын байге үчүн казакстандык Ислам Умаев менен беттешет. Раймалы уулу буга чейин өзбекстандык Куаныш Бекболатовду жана индиялык Нитеш Нитешти уткан.Казак балбаны дагы жогоруда аталган индиялык жана өзбекстандык атаандаштарын жеңип алган.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
130 килограмм салмакта Эрлан Манатбеков эки атаандашына жеңилип, байге үчүн күч сынашуудан четтеди.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты "Бишкек-Арена" спорт комплексинде 18-июнга чейин уланат. Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG