Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Жогорку Сот абактан шарттуу бошотулгандар боюнча депутатка жооп берди


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку Сот парламенттин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун оор кылмыш менен соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуудагы коррупциялык схема тууралуу сөздөрүнө жооп берди.

Мекеме 16-июнда тараткан маалыматта депутат соттолгондордун жаза мөөнөтү сотко материалдар келгенге чейин мунапыс берүү, ырайым кылуу менен азайтылганын эске албаганы жазылган. Жогорку Сот коомчулукка бурмаланган маалымат жарыяланганын билдирип, депутаттарды негизсиз айптоолордон алыс болууга чакырды.

“Конституциянын 95, 101-беренелерине ылайык, судьялар көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет. Судья кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт. Эч кимдин конкреттүү иш боюнча судьядан отчёт талап кылууга укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат. Соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардыгы үчүн милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.

Жусупбек Коргонбай уулу Чүйдүн Степное айылында жайгашкан аялдар абагына июнь айынын башында барып, соттолгондор менен жолугуп келген. Депутат 6-июнда тармактык комитеттин жыйынында акыркы алты ай соттордун чечими менен түрмөдөн шарттуу бошотулгандардын тизмесин алганын, алардын ичинде адам өлтүрүү, баңгизатка байланыштуу оор кылмыштар менен 10 жылдан ашык кесилип, бирок абактан бат эле чыгып кеткендер бар экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда түрмөгө кесилип, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча сот, прокурор жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүп иштей баштады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG