Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

"Акча менен бошотулган": Абактагы коррупцияны комиссия иликтейт


Кыргызстандагы аялдар абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы аялдар абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда түрмөгө кесилип, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча сот, прокурор жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия иштей баштады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу оор кылмыш менен соттолгонду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууда коррупциялык схема бар экенин айтып чыккан.

"Ар бир жыл үчүн 2000-4000 доллар алышат".

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Чүйдүн Степное айылында жайгашкан аялдар абагына июнь айынын башында барып, соттолгондор менен жолугуп келген. Парламент депутаты 6-июндагы комитет жыйынында сот аркылуу акыркы алты ай аралыгында түрмөдөн шарттуу бошотулгандардын тизмесин алганын, алардын ичинде адам өлтүрүү, баңгизат сыяктуу оор кылмыштар менен 10 жылдан ашык кесилип, бирок абактан бат эле чыгып кеткендер бар экенин билдирди.

“Урматтуу Жогорку Соттун төрагасынын орун басары, угуп алыңыз. Жаза өтөөдөн мурда шарттуу бошотуу үчүн Аламүдүн райондук сотунда ар бир жыл үчүн 2000 доллардан баштап 4000 долларга чейин ставка бар экен", - деген депутаттын билдирүүсүнөн кийин 14-июлда атайын парламенттик комиссия түзүлүп, ошол эле күнү алгачкы жыйыны өттү.

Алгачкы отурумда Жусупбек Коргонбай уулунун маалыматын угуп, комиссиянын иш планы талкууланды. Депутат абактан шарттуу бошотууда коррупциялык схема түзүлгөнүн билдирди.

"Түрмөнүн башчысынын соттолуучу жөнүндө каты негиз болот экен дагы, аны Аламүдүн районундагы акимчиликте түзүлгөн комиссия карайт. Акчанын бир бөлүгү комиссияга, атайын прокурорлорго анан сотторго тийет экен. Бир жыл үчүн ар бирине аз дегенде 2000 доллар алышат. Тактап айтканда, бул таблицадагы 16-17-жыл жаза мөөнөтүн алып, бир жарым жылда чыгып кеткендер акчанын аркасы менен бошотулгандар”, - деди депутат.

Комиссия тийиштүү органдардан соттолгондор жана шарттуу бошотулгандар жөнүндө маалымат ала турган болду. Убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу көтөргөн. Комиссияга депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмил Токтошев жана Нилуфар Алимжанова кирди.

Аялдар абагынын короосу. Степное айылы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.
Аялдар абагынын короосу. Степное айылы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.

Жусупбек Коргонбай уулу буга чейин абакта жеңил кылмыш менен жаткандар, саламаттыгы кескин начарлап кеткен аялдарга мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилбегенин айтып, бир нече мисалдарды келтирген.

"Токтогулдан бирөө Бишкекке баштык берип жиберген экен. Баңгизатты өндүрүү, сатуу болгон эмес. Ал Баатыр энеге 12 жыл берилген. Оштогу жоолук салынган 75 жаштагы кемпир отурат. Ал 16 жыл алыптыр. Мен баңгизаттарды айтып, коргогум келбейт. 2300 сом уурдап, абакта төрөп, баласы үч жашка чыгып калган келиндерди көрдүм. Соттор уялбайсыңарбы", - деп депутат агынан жарылды.

Соттун жообу

Депутаттын айыптоосуна Башкы прокуратура "комментарий берилбейт" деп жооп берди. Ал эми Жогорку Сот жазуу түрүндө билдирүү таратты.

“Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу маселелери дайыма актуалдуу бойдон кала берерин жана соттолгондордун арасында да, бул маселени кароого катышкан органдардын арасында да бошотуунун негиздүүлүгү жана аныктыгы боюнча карама-каршылыктарды туудурарын белгилеп коюуну зарыл деп эсептейт. Жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси соттолгондун арызы же мекеменин сунушу боюнча сот тарабынан жалгыз эмес, соттун жыйналышына соттолгон жөнүндө маалымат берген түзөтүү мекемесинин өкүлүнүн, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берген прокурордун катышуусунда каралат”, - деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө сот чечимине макул болбогондор жогору инстанцияларга даттанууга укуктуу экени белгиленген.

Депутаттык комиссиянын курамында Акыйкатчы институтунун, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү да иш алып барат. Улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков депутат көтөргөн көйгөй бар экенин жашырбайт.

“Ачык эле айтыш керек, коюлган дооматтар Жаза аткаруу кызматына эмес, сотторго болуп жатат. Комиссия туура түзүлдү. Мындан эрте түзүлсө дагы жакшы болмок. Эми иштин жыйынтыгы кандай болот көрөбүз”.

Шарттуу бошотуунун жол-жобосу

Кыргызстанда соттолгон адамдар жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн. Кылмыш жаза кодексинин 88-беренесинине ылайык (“Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу”) кылмыштын түрүнө жараша жаза мөөнөтүнүн кайсы бир бөлүгүн өтөсө, келтирилген зыяндын жарымынан кем эмес суммасын толтурса жана абактагы жүрүм турумуна байланыштуу сот аркылуу бошошу мүмкүн. Соттолуучуну шарттуу бошотуу үчүн бардык тарап чакырылып, атайын сот отуруму өтөт.

Бирок Кылмыш жаза кодексинин 89-беренесине ылайык, (“Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонбоо”) педофилия, конституциялык түзүлүшкө каршы жана экстремизм, терроризм сыяктуу оор кылмыштарга байланыштуу соттолгондор жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулбайт.

Кыргызстанда буга чейин ар кандай оор кылмыш кылгандар, айрыкча кримтөбөлдөр узак мөөнөткө соттолгону менен 1-2 жылда чыгып кеткен учурлары болгон. Адисттер депутат көтөргөн маселенин системалуу чечилишин сунушташат.

"Депутаттык комиссия түзүлүп, маселе көтөрүлө берсин. Бирок анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынышы керек. Коррупциялык мехнанизмдерди жоюшубуз зарыл. Бизде болсо айрымдарды жумуштан алып, башканы, балким өзүнүкүн коюп коет. Мындан коррупция жоюлбайт”, -дейт юрист Нурбек Токтакунов.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25 пайызы "Адам өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. Өлкөдө соттолгондордон канчасы шарттуу бошотулгандардын так тизмеси жок.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG