Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Киевге Африка делегациясы келгенде жардыруу болду

Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема, Сенегалдын президенти Маки Салл, Комор аралдар союзунун президенти Азали Ассумани, Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоса Бучадагы сөөктөр жапырт көмүлгөн жайга барышты. 16-июнь, 2023-жыл.

16-июнда тынчтык миссиясы менен Украинага Африка делегациясы келген маалда Киевде жардыруу болду. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги жана баш калаа мэри Виталий Кличко билдирди. Ал орус армиясы жаңы ракеталык соккуларды урушу мүмкүн экенин эскертти.

Африка делегациясын Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоса жетектеп келди. Курамында Сенегалдын лидери Маки Салл, Замбиянын президенти Хакаинде Хичилема жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар.

Украинадагы согуштан улам буудайдын кескин кымбаттап кетиши Африка мамлекеттерине өзгөчө оорчулук жаратты. Жогорку даражалуу өкүлдөрдөн турган дипломатиялык команда алгач украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Ишембиде Санкт-Петербургга барып орус лидери Владимир Путинге кезигишери күтүлүүдө.

Африка делегациясы Украинанын Буча шаарына барганы белгилүү болду. 16-июнда Украинанын баардык аймактарында аба соккулары тууралуу эскертүү жаңырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG