Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Бизнес коомчулугу ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

JIA бизнес-ассоциациясы жана Эл аралык ишкердик кеңеши “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди. JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу 15-июндагы кайрылуусунда, бейөкмөт уюмдардын коомчулук, жаштар, аялдар үчүн көп долбоорлорду ишке ашырып келгенин белгилеген.

“Саясий негизден алганда Кыргызстандын Баш мыйзамында көз карандысыздык, суверендүүлүк жана демократиялык принциптер камтылган. Бирок бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн укугун жана сөз эркиндигин чектеши мүмкүн. Бул мыйзам долбоорлордун кабыл алынышы бейөкмөт уюмдардын жана ЖМКлардын эффективдүү иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусуна олуттуу тоскоолдук жаратышы ыктымал”, - деди Аззамбек Жээнбай уулу.

JIA бизнес-ассоциациясы өкмөттү мыйзам долбоорлору боюнча коомчулуктун пикирин эске алууга, демократияны өнүктүрүүдө, адам укугун коргоодо жана коомдо ачык-айкындыкты орнотууда бейөкмөт уюмдар менен эркин ЖМКлардын маанилүү экенине көңүл бурууга чакырды.

13-июнда Бишкекте "Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” деген жыйын өткөн. Анда Эл аралык ишкердик кеңешинин президенти Аскар Сыдыков да сунушталган мыйзам долбоорлору жарандык коом үчүн тобокелдиктерди жарата турганын айткан. Баш мыйзамда каралган нормалар мамлекеттик органдардын бейөкмөт уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөөгө жетиштүү укук берерин белгилеген. Сыдыков бейөкмөт уюмдар өкмөт жасаганга үлгүрбөй жаткан жумуштарды аткарып жатканын кошумчалаган.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга 15-майда чыгарган. Медиа тармагынын өкүлдөрү алардын сунуш-пикирлерин бийлик укпай койгонун, эгер мыйзам азыркыдай редакцияда кабыл алынса сөз эркиндиги чектелип каларын айтып жатышат. Бийлик андай дооматтарды четке кагууда.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG