Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Ленин районунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.
28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Боршайком мындай чечимди 16-июндагы жыйынында кабыл алды.

Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева добуштардын 35,86% алган. Эгерде шайлоо участогуна келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG