Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Президент Жапаров “Кыргызфармацияга” каражат толук берилбегенин сынга алды


Саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча жумушчу кеңешме. 16-июнь, 2023-жыл.
Саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча жумушчу кеңешме. 16-июнь, 2023-жыл.

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 30 миллион сом мамлекеттик насыя берилип, дары-дармектерди өндүрүү боюнча чет өлкөлүк жети завод менен түз келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу 16-июнда президент Садыр Жапаров өткөргөн саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча жумушчу кеңешмеде маалым болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кыргызфармацияда” аткарылган иштер ушул тапта өлкөдөгү дары-дармектерге болгон муктаждыктын 10% жабат жана андан 115 миллион сом үнөмдөлөт. Инсулин, онкологиядагы препараттар, кургак учукка каршы жана башка дарыларды жеткирүүгө келишимдер түзүлгөн.

Президент “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана заводдор менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен пландалган 1 миллиард сом бөлүнбөгөнүнө нааразы болду.

“Эгер казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнүү менен мамиле кылмакмын, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн силер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыз. Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүшүп, муктаждыкты 10% гана жапты, бирок тапшырма 100% деп берилген. Бирок ошондо да үнөмдөө 115 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет”.

Март айында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Компания мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары-дармек жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG