Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Түркияда Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратылды


Орхан Инанды.
Орхан Инанды.

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 16-июнда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыптоо корутундусунда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган. Инанды эч күнөөсү жок экенин айтып келет.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялаган түрк бийлиги бул үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылды 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.(ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG