Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Астана соту Масимов жаза өтөгөн абакты алмаштырды


Карим Масимов менен орун басарларына өкүм угузулуп жаткан учур. Астана, Казакстан. 24-апрель, 2023-жыл.
Карим Масимов менен орун басарларына өкүм угузулуп жаткан учур. Астана, Казакстан. 24-апрель, 2023-жыл.

Астанадагы Кылмыш иштери боюнча апелляциялык сот Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовдун жана анын мурдагы эки орун басары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожиндин ишин кайрадан карап, алардын жаза өтөөчү жерин өзгөрттү. Ага ылайык соттолгон үчөө коопсуздугу жогору абактан орточо деңгээлдеги абакка которулушту. Астана шаар сотунун маалыматында өкүм күчүнө киргени да жазылган.

Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

24-апрелде сот экс-чекистти мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга кескен. Мындан тышкары анын мал-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою мамлекеттик иштерге аралаша албай турган болгон.

Ошондой эле Масимовдун орун басарлары - Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга соттолсо, Марат Осипов үч жылга эркинен ажыратылган. Төртөө тең мамлекеттик наамдарынан, генерал чининен ажыратылган. Алардын эсебинен мамлекетке 10 млрд. теңге, 24 млн. АКШ доллары кайтарылган.

Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу Январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын үч орун басары да камалган. Анын биринчи орун басары, экс-президент Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага айып тагылган эмес.

Масимов биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. Кытайда туулган, кийин казак жарандыгын алган 57 жаштагы Карим Масимов коңшу өлкөнүн атайын кызматын 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG