Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Москалькова паспортун жоготуп алган мигранттарды депортациялабоону сунуштоодо


Орусиядагы мигранттар. Сүрөт Москва шаарында 2021-жылы тартылган. Иллюстрация.
Орусиядагы мигранттар. Сүрөт Москва шаарында 2021-жылы тартылган. Иллюстрация.

Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова чет өлкөлүк мигранттарды паспортун жоготуп алганын учурунда билдирбегени үчүн өлкөдөн күчтөп чыгарбай, айып пул төлөтүп, алардын андан ары жүрүүсүнө жол берүүчү чараларды киргизүүнү сунуштоодо. Москвалькова бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен видео аркылуу сүйлөшүүдө маалымдады.

Татьяна Москалькова Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын жүрүү шарттарын жеңилдетүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

“Бизге Кыргызстандын жарандарын Орусиядан чыгаруу жөнүндө кайрылуулар көп келет. Кыргызстандын айрым жарандарын Орусиянын аймагында калтырууга көмөктөштүк, анткени алардын үй-бүлөлөрү бул жакта. Биздин мыйзамдарга ылайык, паспортту жоготуп алгандыгы жөнүндө өз маалында эскертпеген учурда адам милдетүү түрдө өлкө чегинен мажбурлап чыгарылат. Башка жолу жок. Мен мындай бузууларга административдик айып пул же болбосо өлкөдөн чыгаруунун бири карала тургандай өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам. Документти Юстиция министрлиги карап жатат. Мындай чаралар мигранттарга айып пул төлөп, Орусиянын аймагында андан ары жүрүүсүнө көмөктөшөт”,- деди.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүдө тараптар кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстандагы Орусиянын жарандарынын укуктары боюнча да биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгын талкуулашты.

Расмий маалыматка караганда, Орусияда жашап-иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашат.

Орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG