Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

АКШда жүк ташыган автоунаа айдап бараткан тажик жараны октон каза болду


Илхом Шодиев
Илхом Шодиев

АКШда жүк ташыган автоунаа айдап иштеген 37 жаштагы тажикстандык Илхом Шодиевге ок атылып, ал 16-июнда ооруканада каза болду.

Полициянын маалыматына караганда, Шодиев 15-июнда Amazon компаниясынын товарларын ташып баратканда ага жеңил автоунаанын айдоочусу ок аткан. Жыйынтыгында ал рулду башкара албай, жол жээгинде токтоп турган эки унааны, андан соң имаратты сүзгөн. Шодиев оор абалда ооруканага жеткирилген.

Маркумдун АКШда жашаган жээни Анвар Курбонов азырынча полиция ок атуунун себебин аныктай электигин билдирди. Шектүүлөр кармала элек.

Грин-карта утуп алган Илхом Шодиев АКШга 2018-жылы барып, жүк унаасын айдап иштеп жүргөн. Анын артында жубайы жана эрезеге жете элек эки баласы калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG