Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Грузияда казакстандык журналист киши колдуу болду


Телави шаарынын көрүнүшү.
Телави шаарынын көрүнүшү.

Грузияда казак журналисти Жанбота Төлөгөн киши колдуу болгону аныкталды. Маалыматты Казакстан менен Грузиянын Ички иштер министрликтери да тастыктады. Окуя тууралуу кесиптеши Назира Даримбет Фейсбукка жазып, Жанбота 21-майда Телави шаарында өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Даримбет буга чейин Жанбота Төлөгөн менен бир долбоордо кызматташып, 19-майда акыркы жолу байланышка чыкканын айтты.

24-майда Грузиянын Ички иштер министрлиги полиция Г.Х. аттуу жаранды кармаганын, ал атайылап киши өлтүргөн деп шек саналып жатканын маалымдаган. Шектүү Ж.Т. аттуу адамдын көзүн тазалаганы айтылган. Полиция берген маалыматтагы инициал жана маркумдун туулган жылы Жанбота Төлөгөндүкүнө окшош.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 19-июнда журналисттин өлүмүн ырастап, ал Грузияга жеке иш сапары менен барганын, окуя анын кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG