Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Беларуста укук коргоочу Наста Лойко жети жылга кесилди


Наста Лойко. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.
Наста Лойко. Сүрөт качан жана кайда тартылганы белгисиз.

Минск шаардык соту укук коргоочу Наста (Анастасия) Лойкону "кастыкты козуткан" деген кине менен жети жылга эркинен ажыратты. Буга укук коргоочу 2017-2018-жылдары Беларустагы анархисттерди куугунтуктоо тууралуу баяндамасы түрткү болду. Анда Лойко беларус күч органдарынын аракеттерин сынга алган.

Лойко 2022-жылдын сентябрь айында камалган. Ал Беларустагы Human Constanta укук коргоочу борборун негиздеген.

2022-жылдын 12-августанда уюмдун сайтында соңку эки айда болгон окуяларга сереп салынган. Анда укук коргоочулар жарандык коомго жана журналисттерге болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, ресурстар блоктолуп, камоолор, тинтүүлөр күчөгөнүн белгилешкен.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгында Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңүүчү деп табылган. Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциялары күч менен таратылган жана жүздөгөн адамдар кармалган. Ошондон бери камакка алуулар, куугунтук күчөп келет.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG