Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Кыргызстанда миңден ашуун айылда таза суу көйгөйү чечиле элек


Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Алай районундагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан боюнча 1014 айылда ичүүчү суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, жана турак-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов Жогорку Кеңештин тармактык коммитетинин 20-июндагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен 1 миллиард сом бөлүп берүү каралган.

"Бул айылдардын маселесин чечүүгө канча каражат керектиги долбоорлоо ишинен кийин гана аныкталат. Биз болжол менен 784 миллион долларга сунуш киргизгенбиз. Бул дагы жетпейт. Анткени ал жерде таза суу маселеси эле каралган, канализацияга 100 миллион сом эле каралган. Азыр айыл өкмөт, губернатор, акимдердин жардамы менен жер-жерлерди кыдырып, маалымат базасын жаңылашыбыз керек. Ошондо жалпы суммасы белгилүү болот", - деди Кудайбергенов.

Тармактык комитеттин жыйынында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланып жатат. Депутат Бактыбек Сыдыков маселе көптөн бери чечилбей жатканын сындап, эл аралык финансы институттар менен жакшылап иштешүүгө чакырды.

"Бюджеттен 300 млн. сом бөлүндү деген эмне деген акча, бул эч нерсе жок деген сөз. Бардыгыбыз чет элден тартылып келе турган акчага ишенип отурабыз", - деди депутат.

Аталган комитет бул маселени жылдын башында дагы талкуулаган. Анда Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев Кыргызстандагы 1873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок экенин, 476 айылда эскилиги жеткенин айткан.

Ал кыргыз бийлиги 2026-жылга чейин айылдарды толук таза суу менен камсыздоо программасын кабыл алганын белгилеген.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирип, быйыл Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотту. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн. Үч жыл мурун бийлик 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда таза суунун тарифин жогорулатуу керектигин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG