Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

21-июндун аба ырайы


Сары-Челек көлү. Иллюстрация сүрөт.
Сары-Челек көлү. Иллюстрация сүрөт.

"Кыргызгидромет" борбору 20-22-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

21-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Жалал -Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +18… +20 градус, күндүз +30... +32 болот.

Чолпон-Ата шаарында түндө жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн 13…15 градус жылуу, күндүз +24… +26 градус.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG