Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Ошто Жол башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Ош шаарында жаңы курулган жол. 2023-жыл.
Ош шаарында жаңы курулган жол. 2023-жыл.

Ош шаардык Жол башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул туралуу 20-июнда шаардык прокуратурадан “Азаттыкка" билдиришти.

Маалыматка караганда, башкармалыктын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталууда.

"Азаттык" радиосу өткөн айда "Ош: жол куруудагы кызыкчылыктар" деп аталган видео материал жарыялаган. Анда Жолдор башкармалыгы жарыялаган тендерлерге өздөрүнүн кызматкерлери катышкан бир канча фактыны көрсөткөн.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кылмыш иши козголгонунан кабары жок экенин, жол маселесине байланыштуу жакынкы убакта чара көрүлөрүн билдирди. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG