Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Тамбовдо ок-дары заводундагы жарылуудан төрт киши каза тапты


Тамбовдун борбордук бөлүгүнүн үстүдөн көрүнүшү.
Тамбовдун борбордук бөлүгүнүн үстүдөн көрүнүшү.

Орусиянын Тамбов облусундагы Котовск шаарындагы ок-дары чыгарчу заводдогу жарылуудан төрт кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу агенттиктер өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып кабарлашты. Соңку маалыматтарга ылайык, 12 киши жаракат алды. "База" Телеграм каналы дагы өз булактарына таянып төрт киши мерт кеткенин жазды.

Маалыматка караганда, жарылуу Москва убактысы боюнча 14.00дө болгон. Жарылуудан кийин цехтердин биринде өрт тутанган.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Тамбов облусунун губернатору Максим Егоровдун алдын ала маалыматтарга таянып айтуусуна караганда, жарылууга "адам фактору" түрткү болгон.

Тамбов ок-дары чыгаруучу заводу эң ири ишканалардын бири. Ал бардык калибрдеги артиллериялык жабдыктардын, куралдардын ок-дарыларын чыгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG