Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Байдендин уулу мыйзамсыз курал алып жүргөнүн жана салык төлөбөгөнүн моюнуна алды


Хантер Байден атасы Жо Байдендин АКШнын президенттигине ант берүү аземине катышып жатат. 20-январь, 2021-жыл. Вашингтон.
Хантер Байден атасы Жо Байдендин АКШнын президенттигине ант берүү аземине катышып жатат. 20-январь, 2021-жыл. Вашингтон.

АКШнын президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден эки айып боюнча өзүн күнөөлүү деп табууга макул болду. Бул тууралуу 20-июнда жарыяланган соттун документтеринде белгиленет.

Мындай айыптар мурдагы президент Дональд Трамп дайындаган АКШ прокурору Дэвид Вайстын иликтөөсүнүн жыйынтыгында тагылды.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет.

Хантер Байден ошондой эле мыйзамсыз курал сактап жүргөнүн моюнуна алды.

Анын ысымы буга чейин Украинага байланышкан ызы-чууда чыккан. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

«Бурисмага» иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG