Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Мадумаровду жоопко тартуу сунушун караган депутаттык комиссия жабык жыйынга чогулду


Адахан Мадумаров парламентте. Иллюстрациялык сүрөт.
Адахан Мадумаров парламентте. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 21-июнда кезектеги отурумун жабык өткөрдү. Анда кандай чечим чыгарылганы маалымдала элек.

Жабык жыйындан чыккандан кийин Мадумаров депутаттык комиссиянын иши тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди:

"Бул жерде чындыкты билиш максат эмес. Бир гана максат - Мадумаровдон трибунаны алуу, Мадумаровдон микрофонду алуу, Мадумаровдон парламентти тазалоо. Бул менимче, Жогорку Кеңешке берилип жаткан экинчи белги. Биринчиси, депутат Өмүрбек Бакировдун депутаттык мандатын алып коюу боюнча соттук териштирүү болчу. Мындай окуя Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи ирет болуп отурат. Шайлоо учурундагы бардык мыйзам бузуулар белгиленген мөөнөттөн кийин каралбайт. Бирок кайсы учурда каралат? Депутаттын айткан сөзү жакпай калганда. Бул деген - "эгер биз айткандай болбосо, баары бир биз башкача чечим чыгарып коюшубуз мүмкүн" деп, күчтү көрсөтүү. Ошондой эле "Мадумаровдун мисалында өз пикирин айткан адам менен сот аркылуу эсептешип коюшубуз мүмкүн" деген ишарат", - деди ал 21-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда.

Депутаттык комиссиянын корутундусу 22-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда караларын депутат Исхак Масалиев журналисттерге кабарлады.

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Ошол кезде түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG