Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

УТРК "Чекит Медианын" иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды төгүндөдү


"Чекит Медианын" иликтөөсүнөн алынган скриншот.
"Чекит Медианын" иликтөөсүнөн алынган скриншот.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит Медиа” платформасынын “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы иликтөөсү боюнча расмий билдирүү таратып, анда айтылган маалыматтарды четке какты.

“SMM жана Жаңы Медиа” башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясын кайра уюштуруунун алкагында 2022-жылдын аягында түзүлгөн. Ошондой эле, анда социалдык түйүндөр аркылуу фейк аккаунттар менен пикир жазгандар, тролдор иштейт дегенди расмий төгүндөйбүз", - деп жазылган.

Билдирүүдө аталган башкармалык УТРКнын курамындагы алты телеканал, үч радиодон тышкары бир нече Ютуб каналдарынын жана социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларынын ишин алдыга жылдыруу менен алектенери кошумчаланган.

УТРК расмий билдирүүсүндө иликтөөчү журналисттерди түрдүү манипуляциядан алыс болууга чакырган.

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөө "Чекит медиа" платформасынын Ютубдагы каналына 20-июнда жарыяланган.

Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан. Берүүдө фейк фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Чекит медиа" платформасынын иликтөөсү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, журналисттик иликтөөнү каралоо деп атаган.

Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG