Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Мадумаров депутаттык комиссиянын мүчөлөрү “катуу буйрук алганын” айтты


Адахан Мадумаров. 22-июнь, 2023-жыл.
Адахан Мадумаров. 22-июнь, 2023-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген чечими тууралуу комментарий берди. Ал баш прокурордун сунушун карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “катуу буйрук алган” деп айтты.

“Жыйында бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. "Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев суроо узатпадыбы. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу дегендин баарын изилдеп чыгып, баарын четке какты. Бул айыптарга да илештирсе болмок, бирок эч кандай илинчек жок. Бүгүн жыйында комиссиянын төрайымы баш прокурорго караганда беш эсе күчтүүрөөк кызмат аткарып, мүчө болгон айрым депутат кесиптештерибиз ушундай катуу буйрук алган, катуу жан үрөштү. Аларга таарынбайм, бийик болуу керек”.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.

31-майда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Былтыр да кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG