Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Грузияда оппозициячыл телеканалдын камактагы башчысына ырайым берилди


Президенттин ырайымы менен абактан чыккан оппозициячыл телеканалдын башчысы Ника Гварамия Рустави түрмөсүнүн алдына чогулган тарапташтары, жакындары менен көрүшүүдө. 23-июнь, 2023-жыл. Грузия.
Президенттин ырайымы менен абактан чыккан оппозициячыл телеканалдын башчысы Ника Гварамия Рустави түрмөсүнүн алдына чогулган тарапташтары, жакындары менен көрүшүүдө. 23-июнь, 2023-жыл. Грузия.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен 3,5 жылга кесилген "Мтавари" оппозициячыл телеканалынын башчысы Ника Гварамияга ырайым берди.

Гварамияны Рустави түрмөсүнүн алдынан үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары, тарапташтары, оппозициядагы партиялардын лидерлери тосуп турду.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гварамия президенттен камактагы мурдагы мамлекет башчы Михаил Саакашвилиге да ырайым берүүнү өтүндү.

19-июнда Грузиянын Жогорку Соту буга чейинки инстанциялар чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.

Ника Гварамия «кызматынан кыянат пайдаланган» жана «2015-2019-жылдары «Рустави-2» телеканалына зыян келтирген» деген айып менен былтыр майда эркинен ажыратылган.

Гварамия дооматтардын баарын четке кагып, иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келген.

Журналист Грузияны Михаил Саакашвили башкарып турган маалда Юстиция жана Билим берүү министрликтерин жетектеген. Кийин оппозициячыл "Рустави-2" телеканалынын башкы директору болуп иштеп, ал эми 2019-жылы "Мтавари" каналын негиздеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG