Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Кемпир-Абад иши боюнча жараян райондук сотто жабык өтө баштады


Кемпир-Абад иши боюнча сотко бөгөт чарасын кароого алып келинген камактагы саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер.
Кемпир-Абад иши боюнча сотко бөгөт чарасын кароого алып келинген камактагы саясатчы, активист жана коомдук ишмерлер.

23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык кароого киришти. Сот залына бардык айыпталуучулар - абактагылар, үй камагындагылар жана адвокаттар киргизилди.

22-июнда алдын ала соттук угуу башталган. Бирок абактан алып келинген 16 киши сотто Кыргызстандын гимни ырдагандан кийин залдан чыгарылган.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөрүлгөнү 19-июнга маалым болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG