Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Ростовдо Түштүк аскердик округунун штабынын аймагында жарылуу болгону кабарланды


Ростов-на-Дону, 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону, 24-июнь, 2023-жыл.

Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскердик округунун штабынын аймагында жарылуу болду. Бул тууралуу “Свобода” радиосу жергиликтүү басылмаларга таянып жазды.

“Телеграм-каналдарда чуркап бараткан адамдар көрсөтүлгөн видеотасмалар таркап жатат. Жарылуунун соңунан аткылоолор болгону кабарланууда. Ростовдогу 161.ru басылмасы “жеринде жүргөн кабарчыларыбыз Түштүк аскердик округунун аймагында жарылуу болгону билдиришти. Андан соң "вагнерчилер" ал жакка чогулган шаардыктарды таркатып киришти”, - деп жазган . Бирок, кандай жарылуу болгонун так жазган эмес.

Ошондой эле, аталган басылма укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып “Вагнер” аскердик уюму Түштүк аскердик округунун штабынын аймагына мина тосмолорун орнотуп жатканын кабарлаган.

Кырдаалга байланыштуу бул маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо кыйын болууда.

Ростов облусунун бийлиги соңку окуялар боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. Буга чейин облус губернатору Василий Голубев тургундарды биримдикке жана Орусиянын президентин колдоого чакырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда кырдаал боюнча теле кайрылуу жасап, "Вагнер" тобунун аракетин "чыккынчылык" катары сыпаттады. Ага чейин Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG