Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Воронежде мунай базасында чыккан өрт өчүрүлүп жатат



Воронеждеги мунай базада май куюлган цистернада өрт чыкты
Воронеждеги мунай базада май куюлган цистернада өрт чыкты

Орусиянын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, мунай базасында май куюлган цистерна өрттөнүп, жүздөн ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Ал жабыркагандар жок экенин өзүнүн Telegram-каналында билдирип, өрттүн себебин айткан жок.

Гусев аймакта күйүүчү май тартыштыгы жаралды деген кептер жалган экенин, жергиликтүү тургундар тынчсызданып, май куюучу жайларда көйгөй жаратпашы керектигин белгиледи.

Буга чейин Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында май куюучу бекеттерде, азык-түлүк саткан дүкөндөрдө узун кезектер пайда болгону кабарланган.

Соңку маалыматтарга караганда жалданма жоочулар Ростов-на-Дону жана Воронеждеги аскердик объекттерди көзөмөлгө алган.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" тобунун аракетин "чыккынчылык" деп айыптаса, Евгений Пригожин Путин терең жаңылып жатканын айтып, ал мындан ары өлкөнүн коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашашын каалабастыгын билдирген.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.
  • 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG