Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Москвада жана Воронежде антитеррордук режим токтотулду


Орусиянын Москва шаарында, Москва жана Воронеж облустарында ишембиде жарыяланган антитеррордук режим токтотулду. Бул тууралуу Улуттук антитеррордук комитети билдирди.

24-июнда Евгений Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын уралдуу козголоңуна байланыштуу антитеррордук операция режими жарыяланган эле.

Москванын мэри Сергей Собянин 1-июлда мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечеси өтө турганын маалымдады.

Антитеррордук операцияда көчөлөр, коомдук жайлар тосмолонуп, автоунаалар текшериле баштаган.

26-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги министр Сергей Шойгунун "атайын аскердик операция" (орус бийлиги Украинадагы согушту ушундай атайт) аймагындагы командалык пунктту текшерип жатканы болжолдонгон видеону жарыялады. Бирок ал тасма качан тартылганы белгисиз.

  • Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан ашык убакыттан бери Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

XS
SM
MD
LG