Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Путин Пригожиндин козголоңунда учкучтар өлгөнүн моюнга алды


Владимир Путин кайрылуу жасап жаткан учуру. Москва. 26-июнь, 2023-жыл.
Владимир Путин кайрылуу жасап жаткан учуру. Москва. 26-июнь, 2023-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-июнда элге кайрылуу жасап, "Вагнердин" козголоңу учурунда аскер учкучтары набыт болгонун айтты.

"Биздин учкучтардын тайманбастыгы Орусияны сактап калды", - деди Путин.

Учкучтардын козголоң маалында өлгөнү тууралуу буга чейин расмий ырастала элек болчу.

Путин ошондой эле "жалгыз туура чечим чыгарып", "акыркы чекке жеткенде токтоп калган" "вагнерчи" жоочуларга ыраазычылык билдирди.

Ал жоочуларга орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

"Ким кааласа Беларуска кете берсе болот. Менин берген убадам аткарылат. Кайталайм, тандоо ар бириңдин өзүңдө. Бирок бул тандоо өзүнүн трагедиялык катасын мойнуна алган аскердин тандоосу болот деп үмүттөнөм", – деди Путин.

Путин 24-июндагы окуянын башынан эле кан төгүүнүн алдын алуу аракеттери өзүнүн буйругу менен ишке ашканын билдирди.

Козголоңдун токтошуна - орусиялыктардын атуулдук маанайы, жалпы өлкө коомчулугунун биримдиги негизги ролду ойногонун айтып, Беларустун президенти Александр Лукашенкого "кырдаалды тынч чечүүгө кошкон салымына" ыраазылык билдирди.

Путиндин кайрылуусу беш мүнөттөн ашык убакытка созулду. Бул үчүн Биринчи каналда эфир токтотулду. Анын алдында көптөгөн басылмалар Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун "Путин маанилүү билдирүү жасайт" деген сөзүн беришкен.

Дүйшөмбү күнү беларус президенти Александр Лукашенко билдирүү жасайт деп күтүлүп жаткан. Айрым маалыматтарга караганда, Лукашенконун брифинги бүгүн, 27-июнда болот.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин 26-июнда 11 мүнөттүк аудио билдирүү менен чыккан. Ал "Вагнерчилер" орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгилеп, "жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштаганын" айткан.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган.

Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги анын маалыматтары "чындыкка дал келбеген чагым" экенин айткан.

"Вагнерчилер" Орусиянын Украинадагы согушуна жигердүү күчкө айланып, миңдеген киши набыт болду.

Анын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожиндин кайда экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG