Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

Сталинге каршы чыккан татар залкары Мирсайит Султан-Галиев


Татар мамлекеттик ишмери Мирсайит Хайдаргали уулу Султан-Галиев
Татар мамлекеттик ишмери Мирсайит Хайдаргали уулу Султан-Галиев

Орусия Федерациясындагы татар улутунун советтик автономиясы үчүн күрөшкөн залкар мамлекеттик ишмер Мирсайит Султан-Галиев жазыксыз жерден сталиндик жазалоого кабылып, 48 жашында набыт кеткен. Анын элеси жана мурасы тууралуу тарыхчынын блогу.

Орусияда КГБнын архиви дагы дээрлик жарым кылымдай жабылып калды. Ал архивде далай залкарлардын жана карапайым советтик жарандардын ачуу тагдыры тууралуу чыныгы маалыматтар катылып жатат.

Ал эми татар улутунун көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Мирсайит Хайдаргали уулу Султан-Галиев (татарча Мирсәет Хәйдәргали улы Солтангалиев; 13(25).7.1892-28.1.1940) өлгөндөн 50 жылдан кийин 1990-жылы акталганына карабастан, азыркы Татарстанда бул инсан тууралуу салыштырмалуу азыраак эскерилет.

Айрым маалыматтарга караганда, 2022-жылы анын 130 жылдык мааракеси атажуртунда илимий чөйрөдө гана белгиленген.

Чын-чынында, ал татарлардын советтик мамлекеттик түзүлүшүн, бүгүнкү Татарстан жумуриятын түптөөдө негиздөөчү ишмерлердин бири катары орчун салым кошкон ишмер эле.

Казан татары Мирсайит Султан-Галиев (солдо) жана кырым татар саясатчысы Измайил Фирдавс. Крым. Жылы белгисиз сүрөт.
Казан татары Мирсайит Султан-Галиев (солдо) жана кырым татар саясатчысы Измайил Фирдавс. Крым. Жылы белгисиз сүрөт.

Кыскача өмүр таржымакалы

Мирсайит Хайдаргали уулу Султан-Галиев 1892-жылы 13-(25-)июлда падышалык Орусиянын Уфа (Өфө) губерниясына караштуу Кырмыскалы кыштагында туулган. Бул кыштак азыркы Орусия Федерациясынын Башкортостан жумуриятына караштуу Кырмыскалы районунун борбору болуп саналат.

Анын атасы орус тилинен сабак берген мугалим болгон жана айтылуу кырым татар агартуучусу Исмайил Гаспыралынын (1851–1914) билим берүүдөгү “жаңы усул” (“усул-и жадид”) деген реформачыл агымын колдогон.

Мирсайит алты жашынан мектепте окуй баштаган. Зээндүү улан башталгыч мектепти мактоо кагазы менен аяктаган.

1907-жылы ал Казан шаарындагы Татар мугалимдер мектебине (Татаркая учительская школа) чоң сынактан жеңип өткөн. 1911-жылы аны эң мыкты окуп аяктаган.

1913–1914-жылдары ал Стерлитамак үйөзүндө башкыр жана татар тургундарынын арасында социалисттик идеяларга үгүт жүргүзгөн.

Мирсайит орусча да, татарча да мыкты билгендиктен, орус тилинен далай тексттерди татарчага которуп, мезгилдүү басма сөздө жарыялаган.

Ал Башкортостанда жана Оренбург аймагында окутуучулук менен да алектенген.

Мирсайит 1915-жылы Азербайжанга көчүп келип, Бакы шаарында эки жылдай “Баку”, “Кавказское слово”, “Кавказская копейка” сыяктуу гезиттер менен кызматташып, аларга мусулман калайыктын турмушу тууралуу серептер жазган.

1917-жылдагы Феврал ыңкылабынан соң ал Санкт-Петербургга (ал кездеги Петроградга) келет.

1917-жылы 1–11-майда Маскөө шаарында Бүткүл орусиялык мусулмандар курултайы өткөрүлгөн. Анын демилгечиси – Төртүнчү чакырылыштагы Мамлекеттик думанын Мусулмандык фракциясы болгон.

Орусиянын ички иштер министрлигинин ортодокс (православдык) эмес чиркөөлөр жана башка диндегилер боюнча башкармалыгынын жетекчиси С.А.Котляревский курултайда Убактылуу Өкмөттүн атынан куттуктоо сөзүн айткан. Демек, расмий бийликтер бул курултайдын ишине каршы чыгышкан эмес болчу.

Мирсайит Маскөөдөгү курултайдын ишине жандуу катышат жана Мусулмандар Кеңешине (Миллий Шура) мүчө болуп шайланат. Бул кеңешке башкыр лидери Ахмет Заки Валиди Тоган да мүчө болуп шайланган.

Даректүү тасма. Журналист Нияз Ахмадуллин Мирсайит Султан-Галиевдин тагдыры тууралуу баяндайт (орусча). 15.11.2021.

1917-жылы июнда (башка маалыматта – ошол жылы ноябрда) Мирсайит болшевиктер партиясынын катарына кошулган.

Ал 1917-жылы күзүндө Казандагы болшевиктик ыңкылаптык окуяларга катышкан деп айтылат, бирок аны тастыктаган даректүү маалыматты учурата элекпиз. Балким, ал Казанга бийлик алмашканлан бир нече күндөн кийин келген болушу да ажеп эмес.

Казан шаарында Убактылуу өкмөткө каршы чыккан жоокерлердин козголоңу 1917-жылы 24-октябрда (Григорий жылсанагы боюнча 6-ноябрда) эле башталган. Бирок алар болшевиктердин борбордук жетекчилигинин тымызын буйругу менен чыкпастан, өз алдынча козголоңго чыгышкан сыяктуу.

26-октябрда (8-ноябрда) таңкы саат 03:10до Петроградда бийлик болшевиктерге өткөнү тууралуу кабар Казан шаарына да жетип, андан соң мындагы Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү багынып берүүгө аргасыз болушкан.

Казан аскер округун 19-ноябрга чейин убактылуу жетектеп калган прапорщик Николай Ершов 1917-жылы 14-ноябрда өзүнүн бир таанышына мындайча мактанып кат жазган:

“Алыскы Казандан салам. Казан орус эли тарабынан экинчи ирет жеңип алынды, бирок аны Иван Грозный эмес, прапорщик Ершов камалоого алды. Казандагы Өктөбүр көтөрүлүшү Петрограддан эртерээк башталды. Балким, өктөбүр ыңкылабынын алгачкы ок атуусу Ершовдун демилгеси менен жүзөгө ашырылды дешибиз деле мүмкүндүр... Көтөрүлгөн эл мени Казан аскер округунун аскерлеринин командачысы кылып шайлап алды”.

Бул мактанган жана татарларды саал шылдыңдаган сөздөн айгинеленгендей, Казандагы козголоңчулар эч кандай болшевиктик борбордон тымызын көрсөтмө алышкан эместей.

1917-жылдагы Эдил аймагындагы жыйындардан. Казан ш.
1917-жылдагы Эдил аймагындагы жыйындардан. Казан ш.

19-ноябрда Казан жумушчу, жоокер жана дыйкан депутаттарынын Кеңешинин кеңейтилген жыйыны (курултайы) өткөрүлүп, анда Убактылуу революциячыл комитет (штаб) түзүлгөн. Ыңкылапчылар жалаң гана болшевиктерден турбастан, анын катарында солчул эсерлер, либерал мусулман саясатчылары да болгон.

Ошол 1917-жылдын 19-ноябрындагы Казандагы Кеңештердин курултайында Эл комиссарлар кеңеши да негизделип, анын төрагасы болуп Яков Семёнович Шейнкман шайланган (ал 1918-жылы, 28 жашында, ак гвардиячылар тарабынан өлтүрүлгөн). Ал эми Казан Республикасынын улуттар комиссариатын Султан-Галиев жетектеп калган.

(Караңыз: Бочков, Андрей Иванович. Три года Советской власти в Казани. 1917-25 октября -1920 гг. : (хроника событий) / А. Бочков ; под ред. М. Корбут. - Казань : Гос. изд-во, 1921. - 63 с. – Б. 14. Мында Султан-Галиевдин ысымы агартуу эл комиссариатын жетектөө менен байланыштуу да эскерилген).

Айрым маалыматтарга караганда, 1918-жылы январда Казан жумушчу, жоокер жана дыйкан депутаттарынын Кеңешинин курултайында Казан Советтик Жумушчу-Дыйкан Республикасы түзүлдү деп да жарыяланган.

(Караңыз: Агеева, Любовь. Октябрь 1917 года: Казанская Республика // Казанские истории: Культурно-просветительская газета. – 21 апреля 2020 г.)

(Айтмакчы, “Казан республикасы” аталышы саясий картада узак сакталган эмес. 1919-жылы 10-июлда өткөн губерниялык Бешинчи курултайда Казан аймагы кайрадан “губерния” аталышына көчкөн).

Болшевиктердин Казан Советтик Жумушчу-Дыйкан Республикасы, иш жүзүндө, татарлар менен башкырлардын кеңири саясий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү камтылган Эдил-Орол Советтик Республикасын же Орол-Эдил Штатын (Волжско-Уральская Советская Республика, Урало-Волжский Штат) түзүү далаалатын четке кагуу үчүн негизделген убактылуу автономиялык түзүлүш болчу.

Ал эми 1918-жылы 28-февралга караган түнү Орол-Эдил Штатын түзүлдү деп жарыялап салышпасын үчүн бир катар мусулман (татар, башкыр ж.б.) лидерлери болшевиктер тарабынан камакка алынган.

Болшевик Мирсайит Султан-Галиев Орол-Эдил Штатын негиздөө идеясына өзү да каршы чыккан. Ал Казан шаарынын четиндеги айтылуу “Булактын аркасындагы / Забулачный жумурияты” (“Забулачная Республика”) деп аталган антиболшевиктик автономиялык түзүлүштү жоюуга багытталган жана 1918-жылы 28-мартта соңуна чыккан жазалоо чараларына да катышкан, делет.

Мирсайит Султан-Галиев татарлар менен башкырлардын орток автономиясы болгон Татар-Башкыр Советтик Республикасын түзүү идеясын өзгөчө колдогон. Ал 1918-жылы “Красноя знамя” гезитине Тамерлан, Кан-Темир ж.б. адабий ысымдары менен дал ушул идеяга үгүттөгөн макалалар жарыялаган.

Ал оболу Ахмет Заки Валиди Тогандын башкырлар үчүн өзгөчө автономия түзүү долбооруна каршы турган. Ошону менен катар эле ал башкырлардын аскер бөлүктөрүн болшевиктер тарабынан өткөрүү максатында А.З.Валиди Тоган менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн (бул үчүн ага В.И.Ленин жана И.В.Сталин атайын тапшырма беришкен).

1917-жылдын соңунан тартып Мирсайит Султан-Галиев советтик Орусиянын Улуттар иштери боюнча эл комиссариатына караштуу Борбордук мусулмандык комиссариатта да иштей баштаган. Ал Мусулмандык социалисттик комитеттин аскердик бөлүгүн жетектеген.

1919-жылы жазында жана жайында Мирсайит Султан-Галиев адмирал А.В.Колчактын ак гвардиячыл армиясына каршы салгылаштарга Чыгыш фронттун Революциячыл аскер кеңешинин мүчөсү катары катышкан.

1919-жылдын август айынан тартып ал Маскөөдө РСФСРдин Улуттар иштери боюнча элдик комиссариатында коллегия мүчөсү жана Борбордук мусулмандык комиссариаттын жаңы төрагасы катары жана башка удаалаш кызматтарда иштей баштаган.

Кийинчерээк ал РСФСРдин курамында Татар АССРи жана өзүнчө Башкыр АССРи сыяктуу автономиялык мамлекеттерди түзүү идеяларын ырааттуу жактап келген.

Сталин менен тирешүү

Мирсайит Султан-Галиев РСФСРдин курамындагы улуттук автономияларды негиздөө жаатында бир катар маселелер боюнча Иосиф Сталиндин көз караштарына таптакыр каршы чыккан жана өз сын пикирин болочокку диктаторго ачык билдире алган алгачкы советтик ири жетекчилерден болуп калган.

Ал болочокку СССРди түзүү үчүн камылгалар көрүлүп жаткан маалда, маселен, улуттарды “байке жана ини”, “өз уулу жана бакма уул” деп жиктөөгө каршы чыккан.

Ал автономдуу жумурияттарга деле СССРдин субъекти макамын толук ыйгаруу сунушун айткан. Демек, маселен, Татарстан АССРи болочокку СССРге РСФСРдин курамында эмес, РСФСР менен тең укукта кирүүгө тийиш эле.

Султан-Галиевдин оюнча, РСФСРдин курамында болуп келген автономиялык жумурияттардын өкүлдөрү болочокку СССРдин мыйзам чыгаруу (Борбордук аткаруу комитети) жана аткаруу (Эл комиссарлар кеңеши) бийлик бутактарына өз өкүлдөрүн кошууга акылуу болушу керек эле.

Мирсайит Султан-Галиев РСФСР Кеңештеринин Х курултайында жана Орусия Компартиясынын (болшевиктердин) XII курултайында Иосиф Сталиндин дарегине ачуу сын айткан.

Албетте, мындай “ээнбаш” коммунист өкүлдү Иосиф Сталин жининдей көргөн. Ал акырындап Султан-Галиевге каршы анын беделине шек келтирчү маалыматтарды жыйноого тымызын буйрук берген.

Натыйжада 1923-жылы 4-майда Султан-Галиев “улутчул уюм түзүү аракетин жасады” деген кине менен камакка алынган.

РКП(б)нын Борбордук комитетинин улут маселелери жаатындагы төртүнчү жыйналышында (1923-жылы 9–12-июнда) Султан-Галиев жана аны колдогон саясатчылар “улутчул-четтөөчүл” (“национал-уклонизм”) агымы катары атайын жарлыкка кабылып, аёосуз сынга алынган.

Мирсайит Султан-Галиев бардык кызматтарынан кол жууган. Бирок ал өзү боштондукка коё берилген. 1923–1928-жылдары ал кооперация системасындагы ар кыл майда-барат жумуштарда иштеген.

1928-жылы ал “СССРди жиктөөнү максат кылган улутчул уюм түзүү” аракетин жетектеди деген кине менен кайрадан камакка алынган. 1930-жылы аны атууга кесишкен, бирок жазасы кайра абактык мөөнөт менен жаңилдетилген.

1934-жылы ал абактан чыгып, Саратов шаарында байырлап калган.

1937-жылы март айында ал кайрадан камакка алынган. 1940-жылы 28-январда, СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясынын өкүмүнө ылайык ал атууга кеткен.

Далайдын азабын берген “султангалиевчилик” жарлыгы

Сталиндик режим 1920–1930-жылдары Мирсайит Султан-Галиевдин тегаты менен байланыштуу “султангалиевчилик” (“султангалиевщина”) деген жоктон жаратылган жарлыкка таянып, далай бейкүнөө айдыңдарды репрессиялаган.

Алрга “татар улутчул-буржуазиялык оппозициясынын жана контрреволюциячыл уюмдардын өкүлдөрү” болгон деген жалаа тагылган. Султан-Галиевдин ким болгондугунан эч кабары жок инсанлар деле 1930-жылдары ушул жарлыктын айынан атууга кеткен, абакка салынган же сүргүнгө дуушар болгон, же, бери дегенде, өз кызматтарынан айрылышкан.

Кыргызстандагы "Социал-Туран партиясы" деп аталган жана жок жерден чекисттер ойлоп тапкан "партия" менен байланыштуу 1930-жылдардагы жазыксыз жерден жазаланган кишилердин аянычтуу тагдырларын эстесек, Сталиндин режиминин "султангалиевчилик" жарлыгынын кесепеттерин аңдообуз жеңил болот.

Өзүнө коюлган айыптардын анча-мынчасын ур-токмок учурунда мойнуна алууга аргасыз болгон, бирок кийин бардыгын четке каккан акын Аалы Токомбай уулу бул тагылган айыптардын арасында "Социал-Туран партиясына" тымызын мүчө болгон, деген негизсиз доо болгондугун кийинчерээк эскерген.

Ал өзүнүн сталиндик абакта жазган ырларында (“Момия” китебине алгач кирген ырларынын биринде) мындай деп жазган:

"Ышмыян дейт, ышмыяны эмине?

С.Т.П. дейт, с.т.п.сы эмине?

Кыйналганда "ышмыянмын" деп койдум,

Кылкындырып ургандардын бирине.

Жалынганды билбей турган ит экен,

Тилдегенден башка кирбейт тилине".

(Бул ырдагы "С.Т.П." сөзү - Социал-Туран партиясы дегенди туюнтат. "Ышмыян" деген сөз менен акын Аалы "шпион" ("тыңчы") сөзүн кыргызчалатып, өзүн кыйнаган сабатсыз жазалоочуларды келекелеп айткан). (

Караңыз: Токомбаев Аалы. (Балка). Момия. Ырлар, дастандар, бир шилтемдер (1963-1969). - Фрунзе: Кыргызстан, 1970. - 384 бет. 5000 нуска. - Редактор Турар Кожомбердиев. Терүүгө 29.6.1970-ж. берилди. Басууга 17.9.1970-ж. кол коюлду).

Эстутум жана мурас

Мирсайит Султан-Галиевдин жаркын элесин татар, башкыр жана орус айдыңдар ырааттуу эскерип келишет.

2022-жылы 15–16-сентябрда Татарстандын борбору Казан шаарында Татарстан илимдер академиясынын Ш.Маржани атындагы Тарых институтунда Мирсайит Султан-Галиевдин 130 жылдык мааракесине арналган “Мирсайит Султан-Галиев: Инсан жана мурас” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

1992-жылы Казандын тарыхый борборундагы аянтка анын ысымы ыйгарылган. Ал эми Башкортостан Республикасынын Кырмыскалы кыштагында аны эскерген таш устун орнотулган.

Султан-Галиев марксизм менен исламдын элементтерин курулай бириктирүүгө умтулган исламдык-социалисттик идеологиянын негиздөөчүлөрүнөн болгон.

“Ислам марксизми” делген агым кийинчерээк айрым мусулман өлкөлөрүндө СССРдин бийликтеринин шыкагы жана каржылык колдоосу менен жайылтылган.

Султан-Галиевдин айрым идеялары “үчүнчү дүйнөнүн” Египеттин мурдагы президенти Гамал Абдел Насер жана Алжирдин мурдагы президенти Ахмед Бен Белла сыяктуу лидерлерине жагымдуу болгон.

Албетте, арап социализмине берилген жана кийинчерээк “жамахириййа” деп аталган өзүнүн популисттик доктринасын иштеп чыккан ливиялык диктатор Муаммар Каддафи да социализм менен исламдын жоболорун бириктирүүгө далаалат жасаган.

Бул сыяктуу идеологиялык чектелүүлөргө карабастан, Мирсайит Султан-Галиев советтик болшевиктик системанын ичинде Орусиядагы Татарстандын татыктуу макамга жетиши үчүн күрөшкөн улуттук лидер катары тарыхта таасын ордун ээлеп калган коомдук ишмер катары эскериле бермекчи.

Ал болшевиктик бийлик тарабына каршы чыккан башкырларга каршы "кызыл" кыргынды токтотууга да салым кошкон ишмер катары эсте калаары шексиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG