Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Зеленский контрчабуул тууралуу оптимисттик билдирүү жасады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусуна барып, Бахмут багытында салгылашка катышкан аскерлер менен жолукту. 26-июнь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусуна барып, Бахмут багытында салгылашка катышкан аскерлер менен жолукту. 26-июнь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-июндун кечиндеги видеокайрылуусунда куралдуу күчтөрдүн ийгиликтери тууралуу оптимисттик билдирүү жасады.

"Бүгүн биздин аскерлер бардык багыттарда алдыга жылды, бул бактылуу күн. Балдарыбызга көбүрөөк ушундай күндөрдү каалайм", - деди Зеленский.

Андан мурда Зеленский өлкө чыгышындагы аскерлерге барып, медалдарды тапшырып, алар менен сүрөткө түшүп кеткен. Кайсы районго барганы так белгиленген жок, ал эми президенттин кеңсеси Зеленский Донецк облусундагы "Хортица" ыкчам-стратегиялык тобунун аскерлери менен жолукканын билдирди.

Зеленский кайрылуусунда аскердик жетекчилер менен жолугушуу маалында бир катар "ыкчам чечимдерди" кабыл алганын кошумчалады.

27-июндун таңында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын күнүмдүк брифингинде маалымдалгандай, соңку бир суткада чыгыштагы Лиман, Бахмут жана Марьинка райондорунда 38 кагылышуу катталган. Андан тышкары Запорожье жана Херсон облустарында украин армиясы орус күчтөрүнүн позицияларына сокку урганы кабарланды. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо согуш маалында мүмкүн эмес.

The New York Times басылмасы 26-июнда жазгандай, АКШнын расмий адамдары украин контрчабуулунун баштапкы фазасы абдан жай жүрүп жатканына тынчсызданууда. Зеленский басылмага курган маегинде контрчабуул "бул Голливуд тасмасы эмес экенин" айтып, "биз согуш талаасында кандай туура көрсөк, ошондой алдыга жылабыз", - деп кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG