Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Самарада автокырсыкта кыргызстандык жарандар набыт болгону кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-июнга караган түнү Орусиянын Самара облусундагы А-300 трассасынын 110-чакырымында болгон автокырсыктан алты киши каза тапты. Алардын экөө кыргызстандык жана төртөө өзбекстандык экени маалым болду. Андан башка жети киши түрдүү жараат алганын жергиликтүү басылмалар жазды.

«Самара – Большая Черниговка» жолунда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Натыйжада Hyundai Elantra автоунаасынын айдоочусу жүргүнчүлөрү менен толук набыт болгон. Ал эми Honda Stepwgn автоунаасынын бир жүргүнчүсү мүрт кеткен.

Автокырсыкта кыргызстандык жарандар набыт болгонун жана жараат алгандары да бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастады.

ТИМдин басма сөз кызматы маалымат дагы такталып жатканын, кечирээк толук расмий кабарланарын билдирди.

Орусияда кыргызстандык жарандар автокырсыктан набыт болгон учурлар буга чейин да катталган.

Былтыр 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, үчөө жараат алган. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG