Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Амстердамдагы Эрмитаж музейи аталышын өзгөртөт


Амстердам Эрмитаж музейиндеги орус императору Петр Iге арналган көргөзмөгө Нидерландынын ханышасы Беатрикс менен орус президенти Владимир Путин катышкан. Апрель, 2013-жыл.
Амстердам Эрмитаж музейиндеги орус императору Петр Iге арналган көргөзмөгө Нидерландынын ханышасы Беатрикс менен орус президенти Владимир Путин катышкан. Апрель, 2013-жыл.

Орусия Украинага кол салгандан кийин, Мамлекеттик Эрмитаж менен кызматташууну токтоткон Амстердамдагы Эрмитаж музейи дүйшөмбүдө музейдин аталышы өзгөртүлөрүн кабарлады.

Амстердам музейи эми Вашингтондогу Смитсондун америкалык искусство музейлери, Париждеги Помпиду борбору жана Британ музейлери менен өнөктөш болот.

1-сентябрдан тарта Эрмитаждын филиалы H'Art Museum деп аталып, жаңы өнөктөштөрүнүн фонддорундагы чыгармаларды көрүүчүлөргө тартуулайт жана биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштурат.

Амстердамдагы Эрмитаж музейи 2009-жылы Орусиядагы Мамлекеттик Эрмитаж музейиндеги искусство чыгармаларына көргөзмө аянтча катары ачылган. 14 жыл аралыгында отуздан ашуун көргөзмө уюштурулуп, үчтөн бири Орусиянын тарыхына жана маданиятына арналган.

Эрмитаж менен чогуу өткөрүлгөн көргөзмөлөрдүн акыркыларынын бири "Байлык! Орус ак сарайынын даңкы" (Драгоценности! Блеск русского двора) деген аталышта өткөн.

New York Times басылмасына курган маегинде музейдин өкүлү Аннабель Бирни Украинадагы согуш башталгандан тартып, "Орусиянын сыйкыры жоголду" деп билдирген. Ал өткөн жылы март айында Мамлекеттик Эрмитаж музейи менен чогуу уюштурулган акыркы "Орусиялык авангард - искусстводогу революция" деген аталыштагы көргөзмө ачылгандан беш жума өткөндөн кийин жабылганы - "эң туура чечим" болгонун да айтты.

Амстердам Эрмитаж музейи көргөзмө аянттарынан артык болчу. Ал Орусия менен Нидерландынын жакындыгынын символу катары кызмат кылып келет. 2013-жылы орус императору Петр Iге арналган көргөзмөгө Нидерландынын ханышасы Беатрикс менен орус президенти Владимир Путин катышкан.

XS
SM
MD
LG