Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Депутат Түмөнбаев: “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамындагы авторлугум боюнча мен да ойлонуп жатам


Акылбек Түмөнбаев.
Акылбек Түмөнбаев.

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын авторлорунун катарына кирген дагы бир депутат бул демилгеси боюнча кайра ойлонуп жатканы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев 27-июнда “Азаттык” радиосуна курган маегинде мыйзам долбоору парламентке киргизилеби же жокпу, талкуу уланарын билдирди:

“Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирген, көп депутат демилгечи болгонбуз, анын ичинде мен да бармын. Бул мыйзам иштелип жатат, каникулга чейин каралбайт, күзгө калды. Күзгө чейин да депутаттар менен кеңешип, аны чыгарабызбы же чыгарбайбызбы, көп талкуу болот. Менин да өз пикирим бар, депутаттар менен сүйлөшүп жатам. Мыйзамдын автору, депутат эжекебиз “демилгечи болуп, бизге кошул” дегенинен кошулгам. Бүгүнкү күндө мен да ойлонуп жатам. Кандай чечим кабыл алсам, айтам”.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет аны 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган, бирок маселе күн тартибинен алынып калган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG