Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Прокуратура, күч жана сот кызматкерлеринин кенемтеси кыскартылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бюджеттен каржылануучу жумуш учурунда каза болгондор үчүн мамлекеттен кенемте төлөө маселеси прокуратура кызматкерлерине карата гана эмес, бардык күч жана сот органдарында иштегендерге карата да кайра каралып чыгууда. Бул тууралуу бүгүн 27-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин отурумунда “Прокуратура жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.

Мыйзам долбоорун президенттин тапшырмасы менен Каржы министрлиги иштеп чыккан.

Президенттик администрация өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кенемтенин өлчөмүн өзгөртүү маселеси комплекстүү, системалуу түрдө кайра каралып жатканын, прокуратурадан башка да органдардын баарын киргизүү тапшырмасы берилгенин айтты.

Ошондой эле катардагы жарандар үчүн кенемтени да карап чыгуу, “Эмгек кодексине” тийиштүү өзгөртүү киргизүү да пландалып жатканы, сунуштар күзгө чейин даяр болору белгиленди.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамына сунушталып, бүгүн аталган комитетте экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапкан долбоорго ылайык, прокуратура кызматкери иш милдетин аткарып жаткан учурда каза тапса же майыптык алса анын үй-бүлөсүнө жыйырма орточо айлык маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Жыйырма орточо айлык маяна, Каржы министрлиги билдиргендей, 1,5 миллион сомго барабар.

Ушундай эле сумма сот жана күч органдары үчүн да каралууда.

Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин профилдик комитетиндеги талкуу учурунда Чаткал районунун курман болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом төлөнө тургандыгы белгилүү болгон. Башкы прокуратура 20 жылдык орточо эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөнө тургандыгы мыйзамда жазылганын билдирген.

Окуя коомчулук арасында талкуу жаратып, президент Садыр Жапаров бул маселени талдап чыгууну тапшырган.

Каржы министрлиги “Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалынын шартында төлөмдүн өлчөмү бюджетке оорчулук келтириши мүмкүн” деген бүтүмгө келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG