Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Кадамжайда 95 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз трансформацияланган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагында 95 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз трансформация болуп, 581 үй-бүлөгө жер тилкеси катары бөлүнүп берилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына караганда, жер тилкесин алгандар ичинде айыл аймагында жашабаган адамдар, райондук жетекчилердин алыскы туугандары да болгону аныкталган.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча Айрыбаз айыл аймагынын башчысы, орун басары жана жер маселелери адисине күнөө тагылып, ээлеген ордунан четтетилишти.

95 гектар жердин мыйзамсыз берилгенине байланыштуу кылмыш ишин азыр Кадамжай райондук соту карап жатат.

Кыргызстанда айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай куруп алган адамдардан жер мунапысын алуу үчүн 93 миң 663 адам арыз менен кайрылган. Анын ичинде 12 миң 795 үйгө техникалык паспорт берилген.

Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, трансформация болгон жерлердин так аянты арыздар каралып, чечим кабыл алынгандан кийин гана белгилүү болот.

286 мыйзамсыз курулуштар аныкталып, документтер Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG