Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Шектүүнү атайын билерик тагып көзөмөлдөө сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 27-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды.

Министрлер кабинети сунуштап жаткан мыйзам долбоору "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат.

Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын улам көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет. Ал – электрондук жана башка техникалык көзөмөл каражаттарын, биринчи кадам катары атайын билерик колдонуу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү.

Баетов мындай ыкма эл аралык стандарттарга туура келерин, алгач пилоттук долбоор катары Бишкектин бир районунан баштаса болорун айтты:

“Электрондук байкоо билерик гана эмес. Чиптер болот. Кийинчерээк телефонго, саатка орнотулуучу программага деле өтүшүбүз керек, шектүүнүн үйүнө коюла турган, мисалы, эки саат сайын белгиленип тура турган стационарлар болушу мүмкүн. Бул багытта иштей баштадык. Бирок башында электрондук билерик болот деп жатабыз”.

Министр ар бир билериктин баасы 1 миң долларга жакын болорун кошумчалап, мамлекет миңдеген шектүүнү абакта бир нече айлап кармоого ансыз да акча коротуп келе жатканын белгиледи.

Баетовдун айтымында, 2022-жылы Кыргызстанда тергөөчүлөр бөгөт чарасы маселесин кароодо сотко 7407 шектүүнү камакка алуу, 500үн үй камагына жана 41ин чет жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен кое берүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Ошентип, үй камагы жана тил кат бардык өтүнүчтөрдүн 5 пайызга жетпегенин түзгөн.(RK)

XS
SM
MD
LG