Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Новиков Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кадимки тартипте иштеп жатканын айтты


Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсеси.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсеси.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду алдыдагы беш жылда Кыргызстанда 630 млн. долларлык жаңы бизнес-долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу фонддун кеңеши 29-июнда бекиткен 2023-2027-жылдарга карата иш тууралуу стратегияда жазылган.

Фонддун жетекчиси Артем Новиков алдыда кыргыз экономикасын модернизациялоо жана технологиялык жактан жабдуу боюнча масштабдуу иштер жүрөрүн белгилеген.

“Инвестициялык каржылоодон тышкары, долбоордук мамилени да көңүл чордонуна алабыз. Өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергия булактары, логистика, IT, инфратүзүм жана башка багыттардагы жаңы долбоорлорду колдойбуз. Бул стратегияны ишке ашыруу фонддун насыячыларынын экспортунун көлөмүн алдыдагы беш жылда 1,2 млрд. долларга чейин жеткирет деп эсептеп жатабыз”, - дейт Артем Новиков.

Ал “Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду штаттык режимде иштеп жатканын, долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу үчүн каражат жетиштүү” экенин кошумчалаган.

Фонд түзүлгөндөн берки сегиз жылда 520 млн. долларлык долбоорлорду каржылаган.

Буга чейин жергиликтүү медиаларда Европа Биримдиги Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери камакка алганы кабарланган. Маалыматка ылайык, маселени чечүү үчүн кыргыз өкмөтүнүн үч министри жана фонддун өкүлдөрүнөн турган делегация 18-июнда Брюсселге барып ,Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошол маалда фонддун жетекчилиги мындай маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

26-июнда фонддун кеңешинин мүчөсү, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев муну “Азаттыкка” ырастап, камакка алынган активдерди чыгаруу боюнча чечим чыга электигин билдирген. (KbA)

XS
SM
MD
LG