Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

"Аврора" иши: Чикунаевге чыккан өкүм, Ширшовдун карааны


"Аврора" пансионаты. 2017-жылы тартылган сүрөт.
"Аврора" пансионаты. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатындагы ондогон кымбат батирлердин мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шек саналгандардын бири Вадим Чикунаевге карата козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен сот жаза чегерилген жок. Анын үй-мүлкү мамлекетке өттү.

Вадим Чикунаевдун үй-мүлкү мамлекетке өттү

Бишкектин Биринчи май райондук соту Вадим Чикунаевге карата сот өкүмү 14-июнда чыкканын 29-июнда “Азаттыкка” ырастады. Соттун маалыматына караганда, Вадим Чикунаев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен камалган жок. Ал сот чечими чыкканга чейин эле эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган болчу.

Сот өкүмүнө ылайык, Чикунаевге жана анын жакындарына катталган Ысык-Көлдөгү үч коттеж, эс алуу жайларындагы 29 батир, Бишкек шаарындагы эки батир, Чүй облусундагы жер тилкеси жана Mercedes-Benz GL 350 үлгүсүндөгү машина мамлекетке чегерилди.

Анын жактоочусу Виталий Остриков райондук соттун чечимине макул эместигин айтып, Бишкек шаардык сотуна арызданарын “Азаттыкка” билдирди. Адвокаттын айтымында, “Аврора” эс алуу жайы боюнча кылмыш ишинде Вадим Чикунаев гана соттолууда.

“Мен коргоп жаткан адамга байланыштуу бир нерсе айтуудан чочулап турам. Анткени бизге өзүнчө өндүрүштө көп иштер бөлүндү. Ал өзү дагы бирөөгө сөз айткандан коркуп жатат. Алар каалаган учурда келип кайра камап коюшат. Силер Бишкек шаардык сотуна келип, угуп көргүлө. Болуп жаткан нерселерге күлкүңөр келет”, - деди жактоочу.

УКМК уюштуруучу катары сыпаттаган Чикунаев ким?

2022-жылы 7-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) сайтында жарыяланган билдирүүдө “Аврора” эс алуу жайындагы кымбат баалуу батирлер жөнүндө кенен маалымат айтылган экен.

Атайын кызматтын маалыматында, 2010-жылы май айында “Аврора” пансионатындагы жалпы саны 97 - коттеж жана батирлер, 10 гектар жер улутташтырылган. УКМК иш жүзүндө 13 батир гана мамлекеттин менчигине өтүп, калганы Жогорку Сот жана бардык инстанциядагы соттордун, президенттик аппараттын, Мүлк фондусунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык схемалары аркылуу жеке колго өтүп кеткенин кабарлаган.

Тергөөдө “Авроранын” ондогон батирлерин мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу катары “Ала-Арча ПМК” ишканасынын мурдагы директору Вадим Чикунаев жана анын юристтери, ал менен байланыштуу башка адамдар экени айтылган. УКМК бул боюнча далилдер табылганын белгилеген.

Вадим Чикунаев тууралуу интернетте маалымат дээрлик жок. Ар кандай маалыматтарда ал ишкер экени айтылат.

Кылмыш ишинде Алексей Ширшов дагы уюштуруучу болгон

Андан кийин атайын кызмат “Авроранын” кымбат баалуу 56 батир, 27 коттежинин жеке колго берилишиндеги дагы бир уюштуруучу катары “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун ысымын атаган.

2022-жылдын 10-майында кармалган Ширшов ошол эле күнү УКМКнын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган. Ар кандай чуулуу иштерде аты аталган Ширшовдун кармалгандан, бошотулганы бат болгону коомчулукта нааразылык жараткан.

Ошентип, “Аврорадагы” мүлктөрдүн чыгарылышы боюнча уюштуруучу деп айыпталгандардын бири Чикунаев соттолуп, дагы бири Ширшовдун иши эмне болгону белгисиз.

Ширшовго байланышкан иштерди иликтеп жүргөн эркин журналисттердин бири Замир Казакбаев күч органдары анын кылмыш иштери жөнүндө маалымат бербей жатканын сындады.

“Ширшов өзү ачыкка чыкпаганы менен анын командасы иш жүргүзүп жатат. Ал киши системаны коюп берген. Энергетика тармагында жана башка чоң иштерди кылып жатат. Анын айдоочулары министр болду. Мындан аркысы түшүнүктүү. Териштирип, маалымат бериши керек болчу. Демек, бийликтин колтугунда”, - деди Казакбаев.

Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда, мекеме иш Башкы прокуратурада экенин айтса, башкы көзөмөл органы атайын кызмат тергеп жатканын билдирди. Буга чейин УКМК кылмыш ишинде мамлекетке 500 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин жана онго жакын киши айыпталып жатканын айткан. Азыр канча кишиге өкүм чыгып, тергөө кандай жүрүп жатканы жөнүндө маалымат жок.

Саясатчы Исмаил Исаковдун айтымында, 2010-жылы улутташтырылган мүлктөр боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн эч ким суралган жок. Ал кылмыш ишинин жыйынтыгы коомчулукка жарыяланышы керек деп эсептейт.

“Менин билишимче, Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү суралган жок. Себеби, улутташтыруу мүлктөрүн эч кимиси алган эмес. Ошондой болгондо иш козголуп, суракка барганы белгилүү болот эле. Ким алганы так айтылышы керек болчу. "Бул алган экен, мына документи" деп көрсөтүшү керек. Сатып жибергендерин аныктап чыгышы зарыл. Азыр жөн эле сөз кылып айтып койгонго көнүп алдык”, -деди Исаков.

Президенттин билдирүүсү, Максим Бакиевдин 200 млн. доллары

Өткөн жылы 11-майда президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Ширшов тууралуу билдирүү таратып, “Аврора” пансионатынын мүлктөрү жөнүндө жазган.

“2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттеждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат”, - деп жазган Жапаров.

Президент Жапаров Алексей Ширшовду кабыл алып, Максим Бакиевдин чет өлкөдөгү 200 миллион доллары тууралуу маалымат алганын билдирген.

“Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз”, - деп жазган Жапаров.

Андан бери Алексей Ширшовдун аты бир катар чуулгандуу иштерде аталып, журналисттик иликтөөлөр дагы жасалды. "Азаттык" радиосунун иликтөөсүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Алексей Ширшовдун байланышы аныкталган.


Жакында эле парламенттин депутаты Жанарбек Акаев Ширшов өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирип жүргөнүн сындаган. Акаев “ПолитКлиника” медиасынын “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайларды ачыктаган иликтөөсүнө Башкы прокуратура көңүл бурушу керектигин белгилеген.

Качкындагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлеринен комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн чечими менен 47 объект улутташтырылган. Анын арасында “Аврора” эс алуу жайы болгон. Эс алуу жай Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык болгону айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG