Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Пакистанда жанкечтинин чабуулу үч аскердин, бир өспүрүмдүн өмүрүн алды

Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажаур районунда полиция кызматкерлери кезектеги теракттан кийин тинтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул Бажаур аймагынын полиция бөлүмүнөн алынган сүрөт качан тартылганы белгисиз. Жаңылыкка тиешеси жок.

Пакистандын расмий бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, жанкечти автоунаа менен көзөмөл-өткөрмө бекетти сүзүп, кеминде үч аскер кызматкери, он жаштагы бала мерт кеткен.

5-июлда Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Мираншах шаарында болгон окуядан 14 жайкын тургун жабыркаган. Бул провинция Ооганстан менен чектешет жана “Техрик-и-Талибан Пакистан” деген аталыш менен белгилүү пакистандык талибдердин чордону катары эсептелчү.

Полициянын өкүлү Рашид Хандын айтымында, коопсуздук күчтөрү жанкечтинин кураторлорун издеп жатышат. Теракт үчүн дароо жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна алган жок. Жергиликтүүлөр аны “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобунан көрүп жатышат.

Аталган топ өз алдынча болгону менен 2021-жылдын август айында Ооганстандын башына келген “Талибан” кыймылынын жакын өнөктөшү бойдон калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG